Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Вашингтон Ливиядагы козголоңчуларга курал бериши мүмкүн


АКШ президенти Барак Обама Ливиянын лидери Муаммар Каддафиге каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларды курал менен камсыздоо мүмүкүнчүлүгүн Вашингтон жокко чыгарбайт деп билдирди. Эн-Би-Си телеканалына курган маегинде Обама эл аралык коомчулуктун кысымына туш болгон Каддафи акыр аягында бийликтен кетет деп ишенеерин айтты. 30-мартта Лондондо өткөн эл аралык жыйында Ливиядагы абалды турукташтыруу жана Каддафини жоопко тартуу үчүн атайын топ түзүү жөнүндө макулдашылган. Топко Катардын өкүлү төрагалык кылмакчы. Ал аралыкта коалициянын аскерлери Триполинин жанындагы аскерий кампаны бомбалашты. Бирок өкмөттүк армиянын танктары менен ракеталары оппозиция күчтөрүн Каддафинин туулган шаары Сиртке жакын жердеги турумдарынан сүрүп чыгарышты. Акыркы кабарларга караганда, козголоңчулар менен каддафичилер ушу тапта Рас Лануф порту үчүн кармашып жатышат.

XS
SM
MD
LG