Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

7-апрель боюнча соттук териштирүү кийинки айга калды


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн соттолуучулардын айыптары угузулуп бүттү. Кийинки соттук отурумда жабырлануучулар сурала баштайт. Сот келерки дүйшөмбү, 4-апрелде улантылмай болду.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 чиновникке жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Мурдагы сот отурумунда жабырлануучу тарап судья Бектемир Жакыпбековго ишеним көрсөтүшкөн эмес. 18-мартта соттук жаңы курам ишти териштире баштаган. Ага Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG