Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Никарагуалык дипломат Ливиянын БУУдагы өкүлү болот


Ливиянын БУУдагы кызыкчылыктарын эми Никарагунанын мурдагы тышкы иштер министри Михел д`Эското коргойт. Никарагуанын президенти Даниэл Ортеганын өкмөтү бул чечим ливиялык расмий адамдардын АКШга виза ала албай жатышына байланыштуу кабыл алынганын айтууда. Д`Эското БУУда Ливиянын атынан сүйлөө укугуна ээ болду. Дипломат учурда Ортеганын эл аралык маселелер боюнча кеңешчиси болуп иштейт. Ливиянын Улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Мохамед Шалгам оппозициянын тарабына өтүп, Каддафинин демонстранттарга каршы күч колдонгонун айыптаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG