Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Митингге чыккан сатуучулар бийлик өкүлдөрү менен жолугат


Бүгүн митингге чыккан Ош базардагы сатуучулардын 15 чакты өкүлү Жогорку Кеңеште депутаттар, шаардык мэриянын жана башка бийлик органдарынын мүчөлөрү менен жолугушат. Парламенттин төрагасы Аматбек Келдибеков 30-мартта нааразылык акциясына чыккандар менен жолугушууда алардын койгон талаптарын бийлик өкүлдөрү менен чогуу-чаран такуулоо керектигин айткан.

30-мартта Ош базарындагы “Кыял” соода жайынын тегерегинде соода кылган 500дөн ашуун адам Бишкек мэриясынын базар айланасында мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдөн жана жайлардан тазалоо иштерине нааразы болуп Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алар соода кылып отурган жайларынан козгобоону жана Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Шаар башчысы базарды ирээтке келтирүү үчүн соода жайларын алуу аргасыз чара экенин “Азаттыкка” билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG