Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

ХАМАС Газада "чыккынчыларды" соттоду


Палестиндердин ХАМАС кыймылы бийлеген Газа тилкесинин аскерий соту Израил менен кызматташты деп айыпталган бир адамды өлүм жазасына, экинчи адамды эмгек лагерине кести. ХАМАСтын ички иштер министри "чыккынчы" деп табылган Газанын тургуну дарга асыларын, экинчи палестин 15 жылга кесилгенин билдирип, экөө тең апелляциялык сотко кайрыла аларын кошумчалады. Апрелде Газанын аскерий соту “Израил менен кызматташты” деп айыпталган эки адамды өлүм жазасына өкүм кылган. Бул 2007-жылы июнда исламчыл кыймыл Газада бийликти басып алгандан бери жогорку жазага тартылган биринчи окуя болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG