Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

"Фукусима" АЭСинен радиоактивдүү заттар дале деңизге агууда


“Фукусима-Дейчи” атомдук электр станциясынын жанындагы деңиз суусунда радиоактивтүү йоддун деңгээли нормадан 4385 эсеге көп. Бул жөнүндө Жапониянын Өзөктүк коопсуздук агенттиги билдирди. Агенттиктин башчысы Хидехико Нишияманын 31-марттагы маалымат жыйынында айтышынча, бул “Фукусима-Дейчи” АЭСинин реакторлорунда 11-марттагы 9 баллдык жер тербетүү жана цунамиден кийинки жардыруудан берки эң бийик деңгээл. Нишияма радиация эч кимге коркунуч туудурбаганын, анткени АЭСтен 20 чакырымдык алкакта жашаган эл коопсуз аймакка көчүрүлгөнүн кошумчалай кетти.

XS
SM
MD
LG