Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Нарында француз тили боюнча ресурстук борбор ачылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбор Азия университетинин алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин кыска мөөнөттөгү программалардын координатору Азамат Усупбеков кабарлады. Маалыматка ылайык, Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында француз тилин өнүктүрүү максатында ресурстук борбор ачылды. Аталган борбор “Француз тили айылдарда” программасын Борбор Азия университети менен Кыргызстандагы Франция элчилигинин кызматташуусунун негизинде ишке ашырып жатат. Француз элчилиги ресурстук борборго 300дөн ашуун китептерди жана техникалык каражаттарды берди. Учурда 52 окуучу бул борбордо окуп жатат.

Мындан сырткары француз тилин өздөштүрүп жаткан окуучуларга жайкы мектептерди уюштуруу жана тажрыйба топтоо үчүн мугалимдерди Францияга жиберүү пландалууда. Мындай борборлор Нарын облусунун дагы бир катар айылдарында ачылмакчы. (ErB)

XS
SM
MD
LG