Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Байболов кызматтан кетишин саясий күрөш менен түшүндүрдү


Бүгүн кызматтан бошотулган мурдагы башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов “Азаттыкка” курган маегинде өзүнүн кызматтан алынышын саясий кызыкчылыктар менен түшүндүрдү. Ал өзүн "президенттик шайлоонун алдында саясий күрөштүн курмандыгы болдум" деп эсептейт. Байболов жубайына таандык болгон ишканасы менен “Альфа телекомдун” ортосундагы байланыштар мыйзамдын чегинде болгонун белгиледи.

Бүгүн мамлекет башчы Роза Отунбаеванын жардыгы менен Байболов кызматтан кеткен. Мындай чечим Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболовага тиешелүү ишканасынын “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа телекомдогу” акча которууларга тиешеси болгону аныкталгандыктан “Мегакомдун” тегерегиндеги маселелер бейтарап иликтениши үчүн кабыл алынганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG