Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

АКШ Сириянын президентин сындады


Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Марк Тонердин айтымында, Сириянын президенти Башар ал-Ассаддын соңку билдирүүсүндө демонстранттар талап кылган реформалардын бири да камтылган жок:

Биз Асаддын сөзүндө Сириянын эли талап кылган жана президент Асаддын өзүнүн кеңешчилери сунуштаган реформаларды камтыган жок деп баамдап жатабыз.

Кечээ парламенттеги сөзүндө ал-Ассад жарым айдан берки толкундоолор үчүн "өлкөнүн душмандарын" күнөөлөдү. Ассад, айрымдар болжолдогондой, 48 жылдан берки чукул абалды күчүнөн кетирген жок.

Анын сөзүнөн бир нече сааттан кийин деңиз жээгиндеги Латакия шаарындагы нааразылык акциялары жана атышуулар тууралуу кабар түштү. Америкалык таанымал эки мыйзамгер президент Барак Обаманы ал-Ассаддын бийлигине каршык чыккан оппозицияны колдоого чакырышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG