Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

ИИМ: Оштогу абакта бир адам өзүн өзү өлтүрдү


Ички иштер министрлигинин басма кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, 26-мартта Оштогу убактылуу кармоочу жайда отурган 35 жаштагы К.Р. аттуу адам өзүн-өзү муунтуп өлтүргөнү аныкталды. Маалыматка ылайык, бул адам өзү үй-бүлөлүк жана жеке маселелеринен улам мындай кадамга барганын катында түшүндүрүп жазган. "Анын эмне менен муунуп өлгөнү тууралуу маалымат жок. Бул фактыны абактарда болуп өткөн ачкачылык акцияларына байланыштырууга болбойт. Ага карата күч да колдонулган эмес",-деди Осмонбаев.

Маалыматка ылайык, өзүн өзү өлтүргөн адам 2010-жылдын 10-декабрында "уурулук кылган" деген айып менен кармалган. 2011-жылдын 16-февралында Ош шаардык соту аны жети жылга эркинен ажыраткан.

Бул маалыматты акыйкатчы Турсунбек Акун да тастыктап, анын улуту кыргыз экендигин, убактылуу кармоочу жайдан жалпы абакка баргандан коркуп бул кадамга барганын ачыктады. (KKs)

XS
SM
MD
LG