Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

НАТО Ливиянын козголоңчуларын колдобойт


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, Ливиядагы козголоңчуларды куралдандырууга уруксат берүүчү эл аралык операция үчүн Бириккен Улуттардан мандат алуу тууралуу АКШ менен Британиянын сунушун НАТО колдобойт.

Стокголмдо сүйлөгөн сөзүндө Расмуссен НАТОнун милдети Муаммар Каддафинин күчтөрүнүн кол салуусунан карапайым адамдарды коргоо экендигин мындайча билдирди:

НАТОго келгенде, биз курал эмбаргосун ишке ашырууну талап кылган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын толук аткарабыз. Башкача айтканда биз Ливиянын элин коргойбуз, куралдандырбайбыз.

XS
SM
MD
LG