Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Грузияда Орусия "тукурган үч террорчу" кармалды


Грузиянын коопсуздук кызматтары 31-мартта Кутаиси шаарындагы өкмөттүк имараттарды жардырууга аракет кылды деп шектелген үч адамды камакка алды. Грузиянын Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, алар Кутаиси шаардык өкмөтүнүн, Юстиция министрлигинин жана оппозициячыл партиянын кеңсесин жардырууну пландашкан деп шектелүүдө. Айтылган имараттардан табылган жардыргыч заттар бул үчөө кармалгандан мурда иштен чыгарылган. Ырасмий билдирүүгө караганда, айыпталуучулар “жардыргыч заттар менен аларды орусиялык офицер камсыздаганын суракта мойнуна алышкан.”

XS
SM
MD
LG