Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Сирия: оппозиция жума намаздан кийин демонстрацияга чыгат


Сириядагы оппозициялык күчтөр элди жума намаздан кийин саясий реформаны талап кылып, демонстрацияга чыгууга үндөштү. Мындай үндөө президент Башар Ассад 30-марттагы кайрылуусунда Сирияда эки аптадан бери болуп жаткан өкмөткө каршы акциялардын катышуучуларын “улуттун душмандары” деп каралагандан кийин жасалды. Ассад өз кайрылуусунда жарым кылымга жакын убактан бери колдонуудагы чукул кырдаалын алып салат деген божомол акталбады. Тескерисинче, чукул кырдаал абалы жөнүндөгү мыйзамды өлкө коопсуздугун камсыздоо жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жаңы заң менен алмаштыруу жолун иликтөөчү комиссия түзүлгөнүн өкмөттүк SANA агенттиги кабарлады.

Эки аптадан берки анти-өкмөттүк акциялар учурунда коопсуздук күчтөрү менен кагылышта, оппозициянын маалымдашынча, 30дан ашуун адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG