Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Жалал-Абад: 3,5 миң гектарга буудай аз эгилди


Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов быйыл аталган аймакта дыйкандар буудайды 3,5 миң гектарга аз себишкенин билдирди. Анын айтымында, пахтанын жана жашылча-жемиштин баасы көтөрүлгөндүктөн дыйкандар буудай айдоодон баш тартып жатышат. Губернатор Жалал-Абадда азырынча күйүүчү май таңсыктыгы жоктугун, бирок жер семирткич менен техника проблема болуп жатканын маалымдады. Азыр Кыргызстандын бир топ жерлеринде күйүүчү май тартыш болуп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG