Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

Оппозициядагы партиялар кеңири коалицияны колдойт


Парламентке өтпөй калган жана коалициялык көпчүлүккө кирбей калган партиялар кеңири коалиция түзүү сунушун колдоп билдирүү таратышты. Билдирүүдө мындай коалиция кеминде төрт парламенттик фракциядан куралып, башка партияларды кошуу саясий келишим аркылуу бекемделиши керектиги айтылат. Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясы коалициялык келишим боюнча сунуштарын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге жөнөткөн. Андагы сунуштардын бири кеңири коалициялык өкмөт түзүү тууралуу болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG