Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

7-апрелдин каарманы: Алмаз Акчакеев


Алмаз Акчакеев (ортодо) кесиптештери менен тез-тез жолугушуп турат.
Алмаз Акчакеев (ортодо) кесиптештери менен тез-тез жолугушуп турат.

7-апрелде Кыргызстанда бийлик күч менен алмашканына бир жыл болот. Бул күнү 87 кыргызстандык мерт болуп, жүздөгөн адамдар айыккыс жараат алышкан. Алардын бири – милиция кызматкери Алмаз Акчакеев.

Алмаз 7-апрелдеги элдик толкундоолордун маалында өкмөт үйүнүн жанында тартип сакчылыгында жүргөн. Ал биз менен жолукканда биринчи кезекте эле алты санынан ажыраганына гана кейиди:

- Алты саны аман, басып жүрүп эле баспай калган адамдын турмушу өтө оор азап деп айтаар элем. Адам баласынын эки бутунан айрылганы өтө кыйын. Мен үчүн кыйын нерсе, мен кайра төрөлгөн жаш баладай болуп жатам. Мен мындай жашоону душманга да каалабайт элем.

Ала-Тоо аянтындагы күзөт кызматында Алмаз он беш жылдан бери кызмат өтөп келген экен. 7-апрелди ал албууттанган күн деп эскерди:
Эгерде жок дегенде бир бутум болгондо мен өзүмдү өзүм камсыз кылмакмын.


- Бизди 7-апрелде эртең мененки саат 7де “коомдук тартипти сактайсыңар” деп чакырган. Түшкү саат 1лер чамасында Ала-Тоо аянтына алып келген. Ошол кезде күтүлбөгөн жерден эл көбөйө баштаган. Анан биздин үстүбүздө коргоочу кийимдерибиз жок болчу. Эл бизди таш менен уруп, артка чегиндире баштаган. Күтүлбөгөн жерден жыгылып, бутуман, оозуман кан кете баштады. Кесиптештерим тез жардамга салып, ооруканага алып барган. Операциянын алдында эсимди жоготуп койдум. Дарыгерлердин айтымында, менин гемоглобиним төмөндөп кетип, буттарымды кесүүгө туура келген экен.

Балалык кыял


Алмаз Акчакеев балалык чагынан эле элине, жерине кызмат өтөйм деп кыялданчу. Ошол себептен да азыркы кесибин тандап калган:

- Мен ички иштер кызматына келгенимдин себебин бала кезимден бери эле ушул жөнүндө кыялданчумун. Аскер кийимин кийсем, жоокер болсом, элиме, жериме кызмат кылсам деп ушул кесипти тандагам. Ошол себептен Ички иштер министрлигинде кызмат өтөп калдым.

Кесиптешти Жыргалбек Аманатов Алмаз тууралуу бизге буларды айтты:
Мен мындай жашоону душманга да каалабайт элем.


- Мен 2010-жылдын январында жумушка киргем. Ал менин кеңешчим болгон. Апрель айына чейин күндө чогуу күзөткө чыгып жүрдүк. Жакшы киши, ал мени көп нерсеге үйрөтүп келген жана азыр да кеңештерин берип турат. Мени да жакшы карачу. Алмаз абамды ушул күнгө чейин биздин рота унутпайт.

Алмаз азыр алты саны аман кезде жашаган жатаканасында эле үй-бүлөсү менен оокатын кечирип жатыптыр:

- 3700 сом төлөп жатаканада турам. Бөлмөм тар, даараткана, ванна, газ жок, эч кандай шарты жок. Кээде кошуналарым менен урушкан учурларым болот, анткени төрт бөлмөгө бир даараткана, бир ванна болгондон кийин талашабыз, бул абдан кыйын. Эгерде жок дегенде бир бутум болгондо мен өзүмдү өзүм камсыз кылмакмын. Эки буттан ажырагандан кийин эч нерсеге мүмкүнчүлүгүм жок, жалгыз эч нерсе кыла албайм.

Жашоо уланууда!

Негизги түйшүк Алмаздын өмүрлүк жары Махабаттын мойнунда:

- “Башка түшсө байтал жорго” дегендей эле кыйын экен. Оор эле болуп жатат, дааратканага көтөрүп киргизебиз, кайра көтөрүп чыгарабыз. Туугандарыбыз мончо жакканда бизди чакырат, ушинтип жашап жатабыз. Бир буту болсо да мүмкүн жеңил болот беле... Эки буту тең тизесинен өйдө жок. Төрт жарым ай ооруканада жатты. Азыр болсо дарыланып турабыз. Баары бир кыйын экен, мурункудай басып, секирип жүргөн адам эми токсонго чыккан чалча түп-түз басып, же баласы менен кенен ойной албайт, же тыңыраак басып кете албайт.

Алмаз азыр жасалма бут менен басып жүрөт. Аны Москвадан салдырып келди:

- Мамлекет тарабынан жүз миң сом берилди. Анан Ички иштер министрлигинен ошол ВАЗ-21 07 үлгүсүндөгү унаа берилди. Турак-жай маселесин чечип беребиз деп айтышкан, бирок азыркыга чейин эч кандай жыйынтык жок. Мына бир жыл болуп баратат... Анан Роза Исаковна келгенде адегенде турак-жай маселесин чечип берүүсүн сурангам. Азыркыга чейин бул маселе чечиле элек. Баары тең кайдыгер мамиле кылып жатабы, айтор билбейм.

Макала даярдалып жатканда Алмаз менен дагы бир жолу телефон аркылуу кабарлаштык. Ал бизге “Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бир айдын ичинде турак-жай маселеси чечилерин кабарлады” деп сүйүнчүлөдү. Ал ошондой эле, буйруса, жакында экинчи балалуу болорун айтып кудуңдады. Улуусу – алты жашта.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG