Өзбекстан башкалаасы Ташкентте жергиликтүү бийлик эң ири саналган Паркент базарын жаап баштаганын Сеntral Asia-News агенттиги кабарлады. Курулуш материалдарын саткан бул базардын сатуучулары товарларын алып кетиши үчүн 2 күн мөөнөт берилди. 30-мартта болсо кийим-кече саткан Алай базары, бир нече жума мурда Навои жарманкеси жабылган. Агенттиктин айтымында, соодагерлер кайда көчөөрүн, бузулган базарлар ордуна эмнелер курулаарын шаар бийлиги калкка кабардар кылган эмес.