Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Германия - Кытай: Ливия кризисине башкача карайбыз


Германия менен Кытай Ливия жаңжалын күч колдонбостон, саясый жол менен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Гидо Вестервелле менен Ян Цзечинин Бээжиндеги кездешүүсүнүн соңунда кабыл алган биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Кытай министри Ян Ливиядагы согуштун жүрүшүндө жөн-жай адамдар бөөдө ажал таап жатканына кабатырлануусун белгиледи. Германия менен Кытайдын өкүлдөрү БУУнун коопсуздук кеңешинде Ливия кризисин жөнгө салууда бардык зарыл чараларга уруксат берген резолюцияга добуш берген эмес эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG