Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Мушташа кеткен эки депутат элдешти


“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Курманбек Осмоновдун “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ парламентте мушташа кеткен депутаттар Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулайманов элдешти. Кечээ кечинде Жогорку Кеңештин Исмаил Исаков, Курмантай Абдиев өңдүү улуу муундагы депутаттары ортого түшүп, чатакташкан тараптар мунасага келишти. Бул маалыматты "Азаттыкка" “Республика” фракциясынан депутат Абдыжапар Бекматов да тастыктады.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары - "республикачы" Алтынбек Сулайманов менен "атажуртчу" Камчыбек Ташиев мушташа кеткен. Жаңжал Ташиевдин "коалициядан чыгабыз” деген сөзүнөн кийин келип чыкканы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG