Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

3-апрелде тоо этектерине кар түшөт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 3-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт жана тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын көп болот. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6 градус, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -14…-19, күндүз -12…-17 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 3…5 градус, күндүз 3…5 градус жылуу болот. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG