Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланат


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы “Азаттыкка” билдирди. Бүгүнкү отурумда жабырлануучулардын көрсөтмө берери күтүлүүдө. 7-апрелдеги окуялар боюнча соңку териштирүү 30-мартта өткөн.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 чиновникке жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Мурдагы сот отурумунда жабырлануучу тарап судья Бектемир Жакыпбековго ишеним көрсөтүшкөн эмес. 18-мартта соттук жаңы курам ишти териштире баштаган. Ага Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылып жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG