Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Бийликке айыл чарбасын реформалоо боюнча кайрылуу жолдонду


Айыл чарба инженер-механиги, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге жана бардык партиялардын лидерлерине ачык кат жолдоп, айыл чарба тармагын реформалоо боюнча адистик сунуштарын жарыялады.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү айыл чарба тармагындагы коррупция, мыйзамдардын чабалдыгы жана эскиче башкаруу – бул тармактын өнүгүшүнө тоскоол болууда.

Кайрылууда чиновниктердин чакан тобу “тендер” деп аталган көз боёмочулук жолдор аркылуу айыл чарба техникаларын, үрөндөрдү, жер семирткичтерди дүңүнөн сатып алуу жана бөлүштүрүү иштерин коррупциялаштырып жиберишкени, андыктан дыйкандардын мамлекеттик структуралардан көз карандысыздыгын камсыздачу системаны түзүү зарылдыгы айтылат.

Бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги жолу – лизинг (бул жерде айыл чарба техникаларын, жабдыктарды, соко, трактор, комбайн ж.б. насыялоо системасы тууралу кеп болууда) кызматын түзүү жана өрчүтүү экенине токтолгон М.Саматов, “Кыргызагролизинг” ишканасын жаңыдан түзүп чыгуу, айыл чарбасын накта рыноктук эрежелерге өткөрүү керектигин белгилейт. (IJz)

XS
SM
MD
LG