Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Апрель-июнь окуяларын иликтеген комиссия ишин жыйынтыктап калды


2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссия ушул тапта жыйынтыктоочу документин жазып жатат. Бул тууралуу ушул жылдын январь айында түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов билдирет. Анын айтымында, аталган депутаттык комиссия беш багыт боюнча иш алып барып, окуя болгон жерлерде болуп, бир катар жолугушууларды өткөрүштү жана көптөгөн документтерди топтошту. Азыр 25 адамдан турган бул комиссия апрель-июнь окуяларынын чоо-жайы, кесепеттери, мындан аркы көрүлчү чаралар тууралуу жыйынтыктоочу документин жазууда.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, депутаттык комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын ушул айдын ортолорунда жарыяламакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG