Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Бишкекте 7-апрелге арналган тасмалардын бет ачары өтөт


Бишкек шаарындагы Тасма үйүндө 5-6-апрель күндөрү кыргыз режиссерлорунун 7-апрелге арналган тасмаларынын бет ачары өтөт. Бул туурасында режиссерлор бүгүн “АКИ-пресс” маалымат агенттигиндеги жыйында билдиришти. Аталган тасмалар “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу долбоордун алкагында көрсөтүлмөкчү. Көрүүчүлөр бул күндөрү Садык Шер-Нияздын “Сизге жооп”, Венера Жаманкулованын “Кайрат”, Тынчтык Акималиевдин “Бүтпөгөн түш” аттуу кыска метраждуу тасмаларын көрө алышат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG