Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

7-апрель окуясы боюнча сот процесси уланууда


Сот процесси Бишкек шаардык аскер гарнизондук сотуна тийиштүү жайда өтүүдө. Сотко Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылууда. “Азаттыктын” кабарчысы окуя өтүп жаткан жерден билдиргендей, сот ушул тапта жабырлануучулардын көрсөтмөсүн уга баштады. Жалпы 400 чамалуу жабырлануучу бар. Алардан кийин күбөлөр, эксперттер, эң соңунда айыпталуучулар суралмакчы.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 чиновникке жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. Башкы айыпталуучулар катары каралып аткан К.Бакиев баштаган мурдагы ири чиновниктер чет мамлекеттерде жүрүшкөндүктөн, алар сыртынан соттолууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG