Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Сариев: Элдин үмүтү акталбай калганына өкүнөм


Бүгүн Бишкекте “7-апрель бир жылдан кийин” аттуу конференция өткөнү жатат. Бийликтин алмашуусуна алып келген апрель ыңкылабына карата бир жылдан кийинки көз карашын билүү үчүн “Азаттык” үналгысы “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди кепке тартты.

“Азаттык”: Бир жыл мурда ошол учурдагы бийликке каршы чыккан оппозициянын арасында сиз да бар элеңиз. Апрель ыңкылабы өз максатына жеттиби?

Темир Сариев: Бүгүн “Ак шумкар” жана “Ата Мекен” партияларынын демилгеси менен тегерек үстөл өтөүп, анда 2010-жылдын 7-апрелинде өткөн окуялар, анын себептери, келип чыгуусу, андан кийинки иш аракеттери тууралуу сөз болмокчу.

Бүгүн бардыгы эле “7-апрелде ыңкылап кылганда силер ушуну ойлодуңар беле, ушундайга барабыз дедиңер беле, алдыңарга эмне максат койдуңар эле” деп суроо берип атпайбы. Мына ушунун баарын тең бүгүн тегерек үстөлдө эксперт, саясат таануучу, саясатчылар менен сүйлөшөлү деп атабыз.

“Азаттык”: Апрель окуялары максатына жеттиби?

Темир Сариев: Албетте биз бир топ негиздүү кадамдарды кылдык. Биринчиси, биз үй-бүлөлүк башкаруу системасынан парламенттик башкаруу системасына өттүк, жаңы Конституция кабыл алдык, атаандаш парламентти шайладык. Бирок абдан чоң кемчиликтер бар. Алар оркоюп көрүнүп турат.

“Азаттык”: Мисалы?

Темир Сариев: Мисалы өкмөттүн иштөө дарамети, өкмөттүн ичиндеги болуп аткан талаш-тартыштар жана коррупциялык механизмдердин жоюлбагандары, ошондой эле парламенттин ичиндеги талаш-тартыш, экс-прокурордун өтө жогорку бийлик бутагында отургандардын кээ бирине айткан айыптары, ал фактылар бар болгонун айтты. Булардын баары тең тилекке каршы 7-апрелде биз ачык-айкын, таза бийлик алып келбиз дегендин аягына чыкпай жаткандыгын көрсөтүп турат.

“Азаттык”: “Апрель окуяларында оппозиция бийликтин элге каршы ок атаарын билсе да элди сүрөп алып келген” деген пикирлерге кошуласызбы?

Темир Сариев: Жок, эгер баарынын эсине сала кетсек, 10-мартта Нарында чоң митинг өткөн, андан кийин биз 17-мартта курултай өткөргөнбүз. 23-мартта “Ак шумкар” партиясы Ынтымак курултайына каршы өз талаптарыбызбы беребиз деп чыкканбыз. Андан кийин биз чечим кабыл алып 7-апрелде бардык региондордо элдик регионалдык курултайларды өткөрүп, бирдей талап менен чыгабыз дегенбиз.

Бизде бийликти басып алуу максатыбызда жок болчу. Биз бийликти элдин көтөрүлүшү менен чоң реформаларга барууга мажбур кылмакпыз, ал өзүнүн алдына койгон максаттарынан баш тартыш керек болчу. Ал баласын мураскер кылып отургузуп кетем деген, энергетика системасын, «Телекомду» сатып, электр кубатына, жылуулукка болгон тарифтерди көтөрөм деген. Мына биз ошолорго каршы чыкканбыз.

Тилекке каршы бийлик ок атты. Оппозициянын башчыларынын баарын тең камап, “биз буларды камайбыз, силдердин башкаруучуңар жок, биз силерди коркутуп-үркүтөбүз” деп ок аткан. Ал эмнеге алып келгенин баарыбыз көрүп отурабыз.

“Азаттык”: Ыңкылап болду, бүттү, бир жылдыгы да белгиленгени турат, бийлик алмашты. Сиз эмнеге өкүнөсүз?

Темир Сариев: Мен элдин чоң үмүтү аягына чейин чыкпай, аткарылбай жатканына өкүнөм. Экинчиси, мамлекетибиз түз багытка кетпей жатканына өкүнөм. Ар түрдүү күчтөрдүн ортосунда келишимдин жоктугуна өкүнөм.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG