Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Ливия лидери Каддафи кризисти жөнгөрүү аргасын издөөдө


Бул тууралуу Грециянын өкмөтү билдирүүдө. Кечээ Каддафинин чабарманы Абдель Ати аль-Обейди Афинада грек премьер-министри Жорж Папандреу менен кездешкен эле. Грек тышкы иштер министри Димитрис Друцас ал жолугушуудан кийин кабарчыларга буларды айтты:

- Ливиялык чабармандын бизге айтканына караганда, режим кырдаалды жөнгө салуунун жолун издөөдө. Аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн олуттуу аракеттер керек. Алдыда Греция өз кызматын сунуш кылуу менен ушул багытта иштейт жана биз өнөктөштөрүбүздүн баары менен байланышта турабыз. Биз аларга бүгүнкү жыйын жана Грециянын сунуштары, идеялары жөнүндө маалымат беребиз.

Бул аралыкта АКШнын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, НАТОнун өтүнүчү боюнча АКШ Ливиядагы буталарга бүгүн аба соккуларын улантат.

Мурда АКШ армиясы өзүнүн аскерий учактары менен “Томагавк” ракеталарын жекшембиден тарта эле алып кетүүнү мерчемдеп жаткан болчу. Өткөн аптада Ливиядагы операцияга командачылык кылуу вазийпасын НАТО өзүнө алган.

Ливияда БУУнун Коопсуздук кеңеши мандат берген аба соккулары 19-мартта башталган жана анын максаты ич ара салгылашып жаткан Каддафинин күчтөрү менен козголоңчулардын ортосунда калган жөн-жай тургундарды коргоо.

XS
SM
MD
LG