Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Йеменде демонстранттарга атылган октон 12 киши каза тапты


Өлкөнүн түштүгүндөгү Таиз шаарында президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылып жаткан демонстранттарга ок ачылганда, дарыгерлер менен күбөлөрдүн айтымында, 12 адам каза тапкандан тышкары дагы ондогондору жаракат алган.

Бул шаарда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү бүгүн экинчи күн катары менен кагылышты. Буга чейин бүгүн Худайда деген шаарда да демонстранттарды таратуу үчүн полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, асманга ок атканы кабарланган.

Йеменде 32 жылдан бери бийликте турган президент Али Абдулла Салехке каршы бир нече аптадан бери өтүп жаткан нааразылык акциялары учурунда 50дөн ашуун киши каза тапты, жүздөгөндөрү жаракат алды.

Бул аралыкта америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, АКШ азыр узактан берки союздашы Салехке карата саясатын өзгөрткөндөй жана жеке сүйлөшүүлөрдө анын кызматтан чегинишин талап кыла баштады.

XS
SM
MD
LG