Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

1-майдан тарта пенсиянын өлчөмү көбөйөт


Мындай токтомго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, 1-майдан тарта Кыргызстандагы дээрлик бардык пенсия курагындагыларга кошумча каражат төлөнө баштайт. Алгач миң сомго чейин пенсия алгандарга 100дөн 600 сомго чейин акча кошулат. 1000-2000 сомдун тегерегиндеги пенсия ээлерине айына 400 сомдон 4000 сомго чейин пенсия алып келгендерге 250 сом кошулат. 10 миң сом пенсия алгандарга 150 сом, андан көп алгандарга 100 сом кошулат. Пенсияны көтөрүү үчүн 1 миллиард 523 миллион сом социалдык камсыздандыруу тармагынан бөлүнгөнү турат. (KKS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG