Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Апрель сотунда жабырлануучулар көрсөтмө берүүнү улантат


Жогорку Соттун басма сөз катчылыгынан “Азаттыкка” билдиришкендей, апрель окуялары боюнча өтүп жаткан соттук териштирүүдө бүгүн жабырлануучулар суралат. Кечээки жараянда жети жабырлануучу көрсөтмө берген эле. Бул соттук териштирүүгө жалпысынан үч жүздөй адам жабырлануучу катары катышууда.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги Спорт ордосунда жүрүп, 30-ноябрдын таңында имараттын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Март айында кайра жанданган бул иш Аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун төрагалыгы алдында териштирилип жатат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG