Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Кот-д'Ивуарда БУУ күчтөрү аскер лагерге сокку урду


Улуттар уюмунун тик учактары менен Франциянын аскер күчтөрү Кот-д'Ивуардагы Лоран Гбагбонун талапкерлеринин аскерий лагерине сокку урду.

Франциянын Коргоо министрлигинин өкүлү абадан болгон сокку Абижан шаарында ишке ашканын билдирди.

Бириккен Улуттар уюму тааныган Кот-д'Ивуардын жаңы президенти Алассан Уаттарынын күчтөрү өлкөдөгү эң чоң шаар Абижанды алууга камынууда.

Кот-д'Ивуарда өткөн жылдын аягында президенттик шайлоодо жеңген Алассан Уаттары менен бийликтен кетүүнү каалабаган мурдагы президент Лоран Гбагбонун тарапкерлеринин тирешүүсү күчөп, кан төгүлгөн жаңжалга айланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG