Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

АКШ Йемендеги "ал-кайидачылардан" чочулайт


Йемендеги расмий бийликтин жоктуганан «ал-кайидачылар» пайдаланып кетпеши үчүн президент Али Абдулла Салех бийликти өткөрүп берүүнү тездетиши керектигин Ак үй эскертти.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карнинин мындай билдирүүсү өткөн апталарда Йемендеги бийликке каршы акцияларда 50дөн ашуун киши өлгөндөн кийин жасалды.

Дүйшөмбүдө өлкөнүн түштүгүндөгү Таиз шаарында өкмөттүк күчтөр нааразылыкка чыккандарга ок атып, бери дегенде 15 киши набыт болду. 32 жылдан бери бийликте турган президент Салехке каршы митингдер Йемендин башка шаарларында да уланууда.

Йемен Араб чөлкөмүндө "ал-Кайида" менен күрөшүүдөгү АКШнын бирден бир ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG