Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Каддафи сүйлөшүүлөргө ачыктыгын айтты


Муаммар Каддафинин маалымат катчысы Ливиянын лидери өлкөдө шайлоо өткөрүүгө жана саясий системаны реформалоого даяр экендигин айтты. Бирок "Каддафинин бийликте калаар-калбасын ливиялыктар гана чечет" деп билдирди маалымат катчы Мусса Ибрахим.

Мусса Ибрахим Ливияга чет жактан таңууланган шарттар кабыл алынбастыгын да кошумчалады. Буга чейин Батыш өлкөлөрү Каддафини бийликтен кетүүгө чакырып келген.

Маалымат катчы Каддафинин режими өлкөгө демократиялык өзгөрүүлөрдү, ачык-айкындык, сөз эркиндигин өнүктүрүү жана коррупцияга каршы кадамдарга барууга даярдыгын билдирди.

Ал ортодо ливиялык оппозициянын кеңешин Франция, Катар жана Италия таанып, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.

XS
SM
MD
LG