7-апрель күнкү бийлик алмашуунун бир жылдыгына карата Бишкекте бир катар иш-чаралар белгиленүүдө. Президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев маалымат жыйынында билдиргендей, бүгүн Тарых музейинде “7-апрель – элдик баатырлар” аттуу көргөзмө ачылууда. Улуттук китепканада болсо бул күндөрү 7-апрелге арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү өтөт, профессор Кусеин Исаевдин “Коом жана ынкылап” аттуу китебинин бет ачар аземи болот. Тасма үйүндө болсо 7-апрелге арналган кыска метраждуу тасмалар көргөзүлөт. Ал эми эртең 6-апрелде Бишкектеги Токтогул атындагы филармонияда апрелдик ыңкылапка арналган даректүү тасманын бет ачар аземи болот.
Ошондой эле Э.Каптагаевдин айтымында, эртең Жал кичи районундагы 144 батирлүү көп кабаттуу үйдөн 7-апрелде каза болгондорго батир берүү аземи болмокчу. 7-апрель күнү болсо Бишкектеги “Форум” имаратынын алдында эскерүү аземи болуп, Алматы көчөсүндөгү “Форум” имаратынан борбордук Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш өтөт. Өкмөт үйүнүн алдында 7-апрелде каза болгондордун эстелигине гүл коюу иш-чарасынан кийин, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде каза болгондорго куран окутулат. 7-апрелдеги иш-чараларга президент баштаган бийлик өкүлдөрү катышмакчы. (IJz)