Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Кыргыз-тажик профсоюздары мигранттарга колдоо көрсөтөт


Кыргызстан менен Тажикстандын Профсоюздар федерациясы эмгек мигранттарына жакындан колдоо көрсөтүү тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын маалымат кызматы билдирет.

Мындай келишимге Казакстан, Тажикстан, Орусиянын Профсоюздар федерацияларынын Астанада өткөн жыйынынан кийин кол коюлду. Үч өлкөнүн профсоюздары Борбор Азия чөлкөмүндөгү бардык эмгек мигранттарынын абалын жакшыртууга багытталган иш-чаралар тууралуу талкуу жүргүзүштү. Кыргызстан менен Тажикстандын Профсоюздар федерациясы негизинен Орусияда эмгектенишкен мигранттардын абалын жакшыртуу иштерине көңүл бурушмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG