Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Каддафи саясый реформага даяр


Муаммар Каддафи Ливияда шайлоо өткөрүүгө жана саясый системаны реформалоого даяр. Бирок Каддафи бийлик башында калыш керекпи же кетүүгө тийишпи, аны Ливия эли өзү гана чечиш керек деп эсептейт ал. Бул жөнүндө Каддафинин өкүлү Муса Ибрагим 5-апрелде билдирди:

- Каддафи Ливия эли үчүн символдук мааниге ээ. Ливиянын кандай башкарылганы башка маселе. Өлкөдө кандай саясый система колдонулганы башка маселе. Муну сүйлөшсө болот. Биз шайлоо, референдум, деги бардык нерселер жөнүндө сүйлөшө алабыз.

Батыш мамлекеттери Каддафини бийликтен кетүүгө үндөгөн. Бүгүнгө карай Каддафинин режимине каршы көтөрүлгөн адаватчылардын кеңешин Франция, Катар жана Италия тааныды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG