Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

Аба ырайы. Эскертүү!


6-апрелде Чүй өрөөнүндө -1... -5... градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0... -2 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет. Айрым жерлерде кар күрткүсү, жолдор тайгак болот.

6-7-апрелде Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдордо кар көчкүсү күтүлөт. Айрым жерлерде кар күрткүсү, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат.

6-апрелге карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түндүк-чыгыштан согуп, ылдамдыгы секундуна 3-8 метрди түзөт, Ысык-Көл кылаасында шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0… 5 градус суук, күндүз 14…19 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 13… 18 градус жылуу. Баткенде түнкүсүн 0… -2, күндүз +14… +19 градус, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0… -2, күндүз 16…21 градус жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2… -7, күндүз 0… 5 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -6… -11, күндүз 0… 5 градус жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -16... -21, күндүз -4... -9 градус суук.

Бишкек шаарында 6-апрелде жаан-чачын болбойт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2… 4 градус суук, күндүз 16… 18 даража жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG