Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

Африка Биримдиги тышкы интервенцияга каршы


Африка Биримдигинин төрагасы, Теодоро Обианг Нгуема Пил Сөөгү жээги жана Ливияга чет элдик аскерлердин кирүүсүн айыптады. Нгуема - Экватордук Гвинеянын президенти. Ал 5-апрелде Женевадагы эл аралык конференцияда сүйлөп: “Африкага эч кандай тышкы таасирдин кереги жок. Африка өз ишин өзү башкаруусу шарт”,-деди. Нгуеманын айтышынча, "Африканын проблемасы европалык, америкалык же азиялык көз караш менен жөндөлбөйт". “Пил Сөөгү жээги, Судан, Египет, Тунис жана Ливиядагы конституциялык маселелерди чечүүгө Африка Биримдиги катышууга тийиш”,- деп кошумчалады Гвинеянын президенти Нгуема.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG