Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Пил Жээги: Гбагбо менен сүйлөшүү жүрүүдө


Пил Жээгинин эл аралык коомчулук тааныган президенти Алассан Уаттарга ишенимдүү күчтөр 5-апрелде Лаурент Гбагбонун ээлигиндеги президенттик сарайга чабуул койо баштады. Анын алдында БУУнун жана Франциянын тикучарлары Гбагбонун аскерий объекттерине сокку урду.

БУУнун маалымдашынча, Гбагбонун күчтөрү эл аралык аскерлерге жана карапайым элге чабуул жасашкан. Ордолуу Абижандын ортолук бөлүгүндөгү резиденцияга чукул жашаган адамдар там-жайларын таштап качышууда. Пил Жээгиндеги БУУнун миссиясы бийликти бергиси келбеген Гбагбо бункерде жашынып жатканын билдирди. Франциянын премьер-министри Француа Филлондун айтышынча, Гбагбого жакын эки генерал анын багынып берүүсү боюнча сүйлөшүүгө катышууда. Бу кабарды Гбагбонун өкүлү "Ройтерс" агенттигине тастыктады.

Орусиянын тышкы иштер министри С. Лавров Пил Жээгиндеги БУУнун тынчтык күчтөрү мандатына ылайыксыз пайдаланылууда деп билдирди. Өлкөдөгү тирешүү былтыр ноябрдагы президенттик шайлоодон кийин башталган. Коогалаңда 1, 5 миңден ашуун адам өлгөнү, анын ичинде жүздөгөн адамдар өткөн аптадагы кандуу булоондо кырылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG