Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

7-апрель - тасмада


Режиссер Нурбек Эгендин "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунда.
Режиссер Нурбек Эгендин "Манастын төрөлүшүн утурлап" тасмасын тартуу учурунда.

7-апрелде Ак үйдүн жанында көзгө атарлардын колунан мерт кеткендердин элесине арнап “Айтыш-фильм” студиясы кыска метраждуу үч тасма тартуулашты.

Бишкектеги Кино үйүндө көрсөтүлгөн бул тасмаларда мындан бир жыл мурда тарыхта кара так катары калган окуялар чагылдырылган.

"Айтыш-фильм" студиясында режиссер Венера Жаманкулова тарткан "Кайрат" деген аталыштагы кыска метраждуу тасмада куралданган жоокерлер митингге чыккан элди тарсылдата атышып, окко учкан жигиттер жер кучактап жыгылып, Ала-Тоо аянтында жан далбастаган карапайым калктын кый-сыпыр түшкөн учурун камтыган даректүү кадрлар көрсөтүлөт.



Тасманын башкы каарманы Кайрат апасынын "митингге барба" дегенине көнбөй аянтка барып, көзгө атарлардын огунан мерт болот. Жубайы жесир, бир жаштагы уулу жетим калып, энеси кан жутуп, кайгы тартып отуруп калат.



7-апрелде "Айтыш-фильм" студиясынын жаш киночулары да болгон окуяларды жеринде тартып, ок менен оттун ортосунда даректүү тасмага түшүрүшкөн.

Мына ошол коогалаңдуу учурда Дастан деген оператор жигит видео камерасы менен жүргөндө ок атылып, артында көтөргөн баштыгы аны октон сактап калганын студиянын жетекчиси Садык Шер-Нияз билдирди.

- Ошол ыңкылаптын учурунда даректүү кадрларды чагылдырган ушул жаш киночулар болду. Дастан деген жаш оператор балабызга ок атылып, ок артындагы рюкзактан өтпөй калган. Ушул жигиттерибиз көчөдө чуркап жүрүп, даректүү кадрларды тартышкан. Ошол кадрларды биз он күн бою республиканын телеканалдарында чагылдырып турдук. 11-апрелде Курманбек Бакиев өзүнүн айылында жашынып жатканда ушул балдар барып маек куруп келишкен. Бул кадрлар тарых үчүн керек.

Садык Шер-Нияз тарткан "Сизге жооп" деген даректүү тасмасында ошол кандуу окуядан кийин мурдагы президент Курманбек Бакиев Тейиттеги үйүндө маек куруп, 7-апрелде Ак үйгө биринчи эл тараптан ок атышканын, "аракка тоюп алган жаштар мамлекеттик төңкөрүш жасаганын", өзүнүн бир дагы күнөөсү жоктугун айткан кадрлар көрсөтүлөт.



Жаш режиссер Тынчтык Акималиевдин "Бүтө элек түштөр" деген кыска метраждуу тасмасында жыйырмадагы жаш жигиттин кейиштүү тагдыры көркөм сүрөттөлүп, өмүр менен өлүмдүн ортосундагы карама-каршылык философиялык ой толгоолор аркылуу чагылдырылган.

"Айтыш-фильм" студиясында тартылган 7-апрель элдик ыңкылабынын баатырларына арналган "Кайрат", "Сизге жооп", "Бүтө элек түштөр" деген аталыштагы кыска метраждуу тасмаларжогорку окуу жайларда жана республиканын башка аймактарында да көрсөтүлөрүн долбоордун жетекчиси, режиссер Бакыт Турдубаев билдирди.
XS
SM
MD
LG