Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Ошто “Үйүңүзгө тынчтык!” баракчасы таратылууда


Кыргызстандын түштүгүндө калкты маалымат жагынан камсыз кылуу боюнча долбоор ишин баштады. Анын алкагында “Үйүңүзгө тынчтык!” деген аталыштагы баракчалар кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде таратылууда. Иш-чара Кыргызстандын өкмөтүнө болгон ишенимди жана элге жаңжалдан кийинки тынчтыкты орнотуу аракеттерин чыңдоо максатын көздөйт.

“Үйүнүзгө тынчтык!» деген баракча коомдук маалыматты камтыйт. Анын ичинде үй куруу, мектепке баруу, коомдук коопсуздук жана башка күнүмдүк суроолор чагылдырылат. Ал үйлөргө, базар, автобустарда жана аялдамаларда таратылат. Элчи жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорер, бул калктын муктаждыгын көздөгөн долбоор экенин белгилеген. Долбоорду "Журналисттер" коомдук бирикмеси алып барат. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы борбору аталган долбоорду каржыламакчы. Бул тууралуу ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG