Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Байболовдун маалыматтарын депутаттык комиссия иликтейт


Жети адамдан турган депутаттык комиссия түзүү чечими бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети менен Бюджет жана каржы комитетинин биргелешкен отурумунда кабыл алынды. Эми бул чечим парламент төрагасы Акматбек Келдибековго сунушталат. Комиссия мурдагы башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун республикалык бюджетке төлөнбөгөн салыктар, банктардагы кутучалардан алынган каражаттардын пайдаланылышы жана "Альфа-Телеком" боюнча материалдары тууралуу маалыматтарды иликтейт.

Бүгүн Байболов аталган эки комитетинин жыйында Улуттук банктан алган каражаттар көрүнгөн адамдарга мыйзамсыз таратылып, башаламан жумшалганын, ушул кезге чейин акча алган адамдардын отчету жок экенин, УКМКга бөлүнгөн каражат, телефон тыңшоолор боюнча маалымат берди.

Ушул эле жыйында “Республика” фракциясынын лидери Канатбек Исаев “Мегакомдон” ири суммадагы каражатын алып чыгып кетүүгө жол бергени үчүн Башкы прокуратуранын айрым кызматкерлерине кылмыш ишин козгоону сунуштады. Анын айтымында, апрель окуяларынан кийин “Мегакомдон” 143 млн. сом алынып чыгылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG