Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Жапон АЭСинен булганган суунун океанга куюлушу токтотулду


"Токио электр кубаты" компаниясынын бул кабарын бүгүн Токиодогу басма сөз жыйында жапон өкмөт башчысы Юкио Эдано ырастады. Компаниянын маалыматына караганда, ал 11-марттагы зилзала менен цунамиден жабыр тарткан "Фукусима" АЭСинин экинчи реакторунан радиациясы жогорку деңгээлдеги заттар менен булганган суунун Тынч океанга агуусун токтото алды.

Бирок расмий өкүлдөр радиоактивдүү суу Фукусима АЭСинен башка бөлүктөрүнзн деңизге азыр деле куюлуп жатуусу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт.

Зилзала менен цунамиден улам бузулган бул АЭСтин айланасында радиациянын деңгээли уруксат берилген нормадан миллиондогон эсе жогорулап кеткен.

Бул аралыкта Индия радиация боюнча тынчыздануулардан улам Жапониянын бардык аймагынан азык-түлүк импорттоого тыюу салган алгачкы өлкө болуп калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG