Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

АКШ коргоо министри Сауд Аравияда жүрөт


Роберт Гейтс бул өлкөнүн падышасы Абдулла менен араб өлкөлөрүн каптаган элдик толкундоолорду талкуулайт. Дүйнөнүн эң ири мунай экспорттоочусу жана АКШнын аймактагы башкы өнөктөшү Сауд Аравияда нааразылыктардын деңгээли араб дүйнөсүнүн башка мамлекеттериндей болгон жок. Өлкөнүн чыгышында шийиттер гана тынч мүнөздөгү нааразылык акцияларын уюштурушту. Өткөн айда Сауд Аравия коңшу Бахрейнге шийиттердин козголоңун токтотууда жардам берүүсү үчүн 1000 жоокер жөнөткөн.

АКШнын коргоо министри ушуну менен аймакка акыркы бир ай ичи үчүнчү ирет келип отурат.

Пентагондун өкүлү Жефф Моррелдин айтымында, Роберт Гейтс сауд падышасы менен сүйлөшүүлөрүндө Ирандын өзөктүк программасына жана бул өлкөнүн араб дүйнөсүндөгү саясий толкундоолорду пайдалануу аракетине да көңүл бурулат.

XS
SM
MD
LG