Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

НАТО Ливиянын эң чоң мунай кенине сокку урду


Британиянын согуштук учактары Ливиядагы эң чоң Сарир мунай кенине сокку урушту, кенди Жер Ортолук деңизинин боюндагы порт менен туташтырган мунай куурун талкалашты. Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халед Кайымдын билдиришинче, аба чабуулу учурунда үч күзөтчү курман болгон. БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиянын аба мейкиндигин “учууга жабык зона” деп жарыялаган. Бул резолюциянын аткарылышын Британия курамындагы НАТОнун күчтөрү камсыздоодо.

7-апрелде таң азанда Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр батыштагы Мисрата шаарындагы козголоңчулардын өңүттөрүн танкалар жана артиллериядан аткылады.

Франциянын тышкы иштер министри Алан Жюппенин сөзүнчө, НАТОнун Ливиядагы аба чабуулдары узакка созулат кейпи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG