Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Косовонун президенти аял болот


Косоводогу башкаруучу коалиция жана оппозициячыл партиялар саясый кризити тереңдетпөө үчүн президенттикке орток талапкерди көрсөтөт. Премьер-министр Хашим Тачинин билдиришинче, партиялар Атифете Йахйага айымды президентке талапкер болсун деп макулдашты. Косоводо президентти парламент шайлайт. Косово полициясынын жетекчилеринин бири Йахйага айым Бехйет Пакколинин ордун ээлейт. Конституциялык Сот 22-февралдагы шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөн деп тапкандан кийин Бехйет Пакколи президенттиктен кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG