Ош облустук администрациясы Ош шаарындагы “Каныкей” ресторанында 500 чакты адам топтоп, былтыр апрель ыңкылабына салым кошкондорго ардак грамоталар тапшырылып, куран окутулуп, сый тамак берилди. Иш-чарага Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов катышты. “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы маалымдагандай, кечке жуук Ош облустук администрациясынын алдында 7-апрелде каза тапкандар эскерилмекчи. (IJz)