Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Азербайжан жетекчилиги Батышка нааразы


Азербайжан 7-апрелде Батышты өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Анын алдында Кошмо Штаттар менен Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму 2-апрелде Бакыда болгон демонстрацияны күч колдонуп таркатууну сындаган эле.

Полиция өкмөттү демократиялык реформаларга үндөгөн 2-апрелдеги уруксатсыз демонстрациянын ондогон катышуучуларын камакка да алган.

Азербайжан президентинин кеңсесинин жооптуу кызматкери Али Хасановдун сөзүнчө, полиция мыйзам чегинде аракеттенген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG