Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Атамбаев оппозиция өкүлдөрүн сынга алды


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте «Форум» имаратынын алдындагы сөзүндө айрым оппозиция өкүлдөрүн сынга алды. Ал бир апта мурда кызматынан бошотулган мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов, "Ар-намыс" фракциясынын мүчөсү Акылбек Жапаровду сындап, К.Байболов акыркы жолу ага Кыргызстандын келечеги жок болуп калганын, үй-мүлкүн сатып туруп өлкөдөн кетерин айтканын, эми кызматтан бошогондон кийин элди бөлүп-жарып атканын айтты. А.Жапаров боюнча ал мурдагы бийлик тушунда «Кыргызтелеком» 40 миллион долларга сатылган маалда чоң кызматта унчукпай отурганын, эми А.Жапаров бул ишкана 100 миллион долларга сатылып аткан маалда каршы чыгып атканын билдирди.

Баш прокурорлук кызматтан алынгандан кийин К.Байболов парламентте бийликтеги көптөгөн коррупциялык фактылар тууралуу маалымат берген. Бишкектеги «Дастан» заводунан былтыркы шайлоо алдында бийликтеги бир партия 2 миллион доллардай акча өндүрүп, шайлоого жумшаганын билдирген. К.Байболов ал партия А.Атамбаев жетектеген Социал-демократтар партиясы экендигин кыйыткан болчу. Ал ошондой эле президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун шектүү иштери тууралуу да айткан. (IJz)

XS
SM
MD
LG