Президент Башар Асад Сириянын түндүк чыгышында жашаган күрттөргө өлкө букаралыгын берди. Өкмөттүк SANA агенттигинин кабарлашынча, букаралыгы жок 300 миңдей күрт жарандык алды.
Күрттөр - Сириядагы эң чоң улуттук азчылык жана өлкө калкынын 10 пайызын түзөт. Асаддын чечими өлкөдө үч апта мурда башталган элдик козголоңдун толкунун басаңдатууга багытталды. Өткөн аптада Сириянын түндүк-чыгышында болгон өкмөткө каршы чыгууларга биринчи жолу күрттөр да катышкан эле.
Соңку маалыматтар боюнча Сириянын эли 22 миллион чамалуу болот.